Бүгүн,
11-августта Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак
жай-коммуналдык чарба министрлигинде “Дөөлөт Курулуш” ЖЧКсынын объектилерине
байланыштуу арыз менен кайрылган үлүш ээлери менен жолугушуу болуп өттү.
Жыйынга
Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназар
Суеркулов, ведомствонун кызматкерлери жана компаниянын жетекчилиги катышты.
Аталаган компанияга таандык Шопоков көчөсүндө жана Кудайберген базары тарапта
жайгашкан объектилердин үлүш ээлери иштин жай жүрүп жана турак жайды тапшыруу
мөөнөтүнүн кечиктирилип жаткандыгын билдирди.
Жолугушуунун
жүрүшүндө жарандардын үнү угулуп, көйгөйлөрдү чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору
талкууланды. Департаменттин директору курулушка көзөмөлдү күчөтүүнү, үлүш
ээлерине керектүү жардамды көрсөтүүнү тапшырды, ошондой эле эскертүүлөрдү
берип, ишти тездетүүнү талап кылды.
Жакынкы арада
Курулуш министрлигинин кызматкерлери курулуштун жүрүшүн текшерүү максатында
аталган компаниянын объектилерин жеринен текшерет.