icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев аукциондон уткан инвесторлор менен жолукту

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортундагы аукционго коюлган жер тилкелерин алган ишкерлер менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлерге министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан даярдалган эскиздик долбоор көрсөтүлүп, анын негизинде ири комплекстин артыкчылыктары жана андагы талаптар каралды.

Курулуш министри өз сөзүндө курула турчу 3-4-5 жылдыздуу мейманканалар букингдеги сервиске ылайык келип, эл аралык талаптарга толугу менен жооп берүүсү керектигин билдирди. Ошондой эле курулуш иштерин башкы концепциядан чыкпай жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров 8-август күнү “Ала-Тоо Резорт” ири тоо-лыжасынын курулушуна катышып, мезгил кутучасын салган.