Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик
долбоорлоо мамлекеттик институттун адистери тарабынан Жалал-Абад шаарынын Манас
көчөсүндө жайгашкан 9 кабаттуу “Асман Резиденс-2” турак
жай комплексине инженердик изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Изилдөөнүн алкагында
долбоордук жана аткаруу документтеринин курулуш жана сейсмикалык ченемдерге
ылайыктуулугуна басым жасоо менен ар тараптуу талдоо жүргүзүлөт. Ошондой эле
визуалдык кароо,
инструменталдык текшерүү жүргүзүлөт.
Изилдөөнүн максаты-имараттын
учурдагы техникалык абалын баалоо жана коопсуз пайдалануу боюнча сунуштарды
иштеп чыгуу. Жыйынтыгында техникалык корутунду даярдалат.