Кыргыз
Респбликасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба
министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде
курулуш тармагындагы соңку жаңылыктар менен бөлүштү.
Белгилүү
болгондой учурда Курулуш министрлиги тарабынан жалпы 573 социалдык объектиде
курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Анын ичинен 391 объектинин
курулушу; 178 мектеп, 98 бала бакча, 21 саламаттык сактоо объектиси, 12
маданият үйү, 35 спорт комплекс жана 18 административдик мекемелер жана
инженердик тармактар жана 29 таза суу менен камсыз кылуу объекттери.
Ал эми калган 182
объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Капиталдык оңдоодон өтүп жаткан
объектилердин 127си мектеп, 18 бала бакча, 19 саламаттык сактоо мекемеси, 11
маданият, 2 спорт тармагындагы жана 1 автобекет.
Эске салсак,
Курулуш министрлиги тарабынан жыл сайын Эгемендүүлүк күнүнө карата 100 объект
пайдаланууга берилип келген болсо, быйыл 100дөн ашык объектини ишке берүү
пландалууда.