icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Араван районундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” №109 жарлыгынын   негизинде Араван районунда мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталган.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министирлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Чек-Абад, Дөбө-Коргон, Достук жана Керме-Тоо айыл аймактарынын адистери менен биргеликте аталган аймактардагы мыйзамсыз курулган объектилер буздурулууда.

Белгилей кетсек, менчик ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери башталды.