icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын шаарындагы борбордук стадиондун курулушу уланууда

Курулуш министрлиги тарабынан Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” борбордук стадионунун курулушу жүрүп жатат.

Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери быйыл башталган. Стадион 4500 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 3,6 гектарды түзөт.

План боюнча эки кабаттуу  административдик имаратта дарыгердин бөлмөсү, конференция залы, футболчулардын кийим алмаштыруу, эс алуу, допинг текшерүү жана машыктыруучунун бөлмөсү каралган. Ал эми футбол аянтчасы эл аралык нормалардын негизинде салынат. Ошондой эле, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү үчүн да бардык шарттар каралат.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.