Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак
жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура
департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын алдындагы Токмок шаардык шаар
куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Токмок шаарынын
кире беришин жана айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү боюнча эскиз иштелип чыгып,
сунушталууда.
Бул сунуш шаарды эстетикалык жактан жакшыртуу, заманбап
стандарттарга ылайык көрктөндүрүү жана жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү
максатын көздөйт.