14-августта, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан Учкун кичи районунда курулуп жаткан бала бакчанын балдар аянтчасындагы жеңил типтеги көлөкө чатырларынын курулушу көзөмөлгө алынды.
Аталган аймакта подряддык уюм тарабынан долбоорго ылайык жеңил конструкциядагы көлөкө чатырларын орнотуу боюнча курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталды. Добоорго ылайык ар бир чатыр 4 (төрт) даана тирегичтен турат, тирегич фундаменттик тумбаларга таянат, тумбалар өз ара арматураланган фундаментик балка менен байланышкан (конструкциядагы жүктү тегиз жерге өткөрүп берүү үчүн). Текшерүүнүн жүрүшүндө көлөкө чатырларын орнотуу жумуштары долбоордук чечимдерге ылайык жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.
Эске салсак, 14-август күнү аталган даректеги бала бакчанын курулушуна нааразы болгон жарандын видеосу
соц.тармакка чыккан.