Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери продукциянын белгиленген стандарттарга шайкештигин баалоо максатында кыш чыгаруучу заводго барды.
Кыш жана башка курулуш материалдары борбордун лабораториясында бекемдикке, суукка, нымдуулукка жана башка көрсөткүчтөрдө сыналат. Анализдин жыйынтыгы боюнча шайкештик сертификаты берилет же берилбейт.
Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору өндүрүүчүлөргө жана подрядчыларга өлкө боюнча курулуш объектилеринин сапаттуулугу жана узак мөөнөттүүлүгү үчүн сапат стандарттарын сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.