icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Асфальт чыгарган заводдун иши токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын жана Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылында жайгашкан асфальт чыгарган заводго барды.

Буга чейин Курулуш министрлиги тарабынан Таш-Дөбө айылындагы төшөлгөн жаңы асфальт текшерилип, сапаты төмөн экендиги аныкталган. Мындан улам, асфальт чыгарган “Ысык-Көл дорстрой” ЖЧКсынын заводу жеринен текшерилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, заводдогу өндүрүлүп жаткан продукциянын курамы, техникасы, шайкештик сертификаттары каралды. Жыйынтыгында аталаган заводдон чыгарылган асфальт мамлекеттик стандарттын талаптарына жооп бербестиги аныкталды.

Курулуш министрлиги тарабынан акт түзүлүп, бузууларды жоюу боюнча жазма эскертме берилди. Ошондой эле коюлган талаптар аткарылмайынча заводдун иши токтотулду. Мындан сырткары протоколдун негизинде айып пул салынды.