icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: Май айылында 150 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат

Талас облусунун Манас районуна караштуу Май айылындагы Б.Узенов атындагы 150 орундуу мектептин курулуш иштери уланууда.

Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттан турат жана окуучулар үчүн бардык шарттар каралган. Жалпы аянты – 1281,8 чарчы метрди түзөт. 

Ал эми курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп жатат. Учурда иштин 40 пайызы аткарылды.

Белгилей кетсек, объектинин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.