Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Он-Эки Мойнок
айылында жайгашкан 275 орундуу А.Сыранов атындагы мектептин курулушу уланууда.
Долбоорго ылайык, эски мектептин ордуна салынып жаткан жаңы мектеп эки
кабаттуу курулуп, 4 блоктон турат. Окуучулар жана мугалимдер үчүн заманбап
талаптарга ылайык шарттардын баары каралган. Жалпы аянты 1956 чарчы метрди түзөт.
Мектеп республикалык бюджеттен каржыланып келет. 2025-жылдын аягына чейин
пайдаланууга берүү пландалууда, учурда курулуш иштертеринин 80 пайызы
бүткөрүлдү.