icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев капиталдык оңдоодон өтүп жаткан Кардиохирургия институтуна барды

Бүгүн, 18-августта Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо боюнча улуттук илимий-изилдөө институтунда жүрүп жаткан калыбына келтирүү иштерин текшерди. 

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында өрттөн жабыркаган аталган мекемеге министр бир ай мурун барып, оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин башталышы менен таанышкан.

Бүгүнкү күндө имаратта масштабдуу калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ички конструкциялар демонтаждалып, жаңы терезе блоктору орнотулууда. Жылытуу жана санитардык-техникалык коммуникация системалары жаңысына алмаштырылууда. Санитардык түйүндөрүндө жана тиешелүү лабораториялык бөлмөлөрдө кафель плиткалары төшөлүп, оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.