Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу 1-Май айылындагы бала
бакчаны жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда. Курулуш иштери
2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Тендердик
баасы 34 миллион сомду түзөт.
Бала бакча 50 орунга ылайыкталган, эки кабаттан турат. Заманбап талаптарга жооп берип, бөбөктөр үчүн бардык шарттар каралган.