icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Сузактагы 375 орундуу мектептин курулушу аяктады

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Арзыкулов атындагы №52 жаңы мектептин курулушу аяктап, 1-сентябрда  пайдаланууга берилет. Билим уясы 375 орунга ылайыкталган. Долбоор 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Мектеп үч блоктон: эки кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана өтмө галереядан турат. Долбоорго ылайык, китепкана, лаборатория, жыйындар залы, компьютердик класс, кыздар жана балдар үчүн өзүнчө эмгек класстары каралган.

Курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.