Нарын районунун Куйбышев айылында А. Тыныбеков атындагы жаңы орто мектеп курулууда. Долбоор 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланып келет.
Мектеп 375 окуучуга ылайыкталган жана үч блоктон: эки кабаттуу окуу корпусу, спорт залы жана өтмө галереядан турат.
Окуу класстары менен катар китепкана, лаборатория, жыйындар залы, компьютердик класс жана балдар, кыздар үчүн атайын устаканалар каралган.
Курулуш иши 2026-жылга толугу менен бүткөрүлүп, ишке берүү пландалууда.