Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу
Кара-Кулжа айылында жайгашкан О.Сайдилканов атындагы 275 орундуу жаңы мектептин
курулуш иштери башталды.
Объектинин курулушу республикалык
бюджеттин эсебинен башталды. Долбоорго ылайык, окуу имараты 4 блоктон турат.
Жалпы аянты 3503,84 чарчы метрди тузөт.
Бүгүнкү күндө окуу имаратынын жер казуу
(котлован) иштери 100% аткарылды.