icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

“Дөөлөт” курулуш компаниясынын объектилери текшерилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти “Дөөлөт” ЖЧКсынын курулуш объектилерин текшерди.

Белгилей кетсек, буга чейин департаменттин директору Эрназар Суеркулов аталган компаниянын үлүш ээлери менен жолуккан. Үлүш ээлери курулуштун жай жүрүп жатканын жана бир катар маселелер боюнча тынчсызданууларын билдирген. Департамент тарабынан курулуш жетекчилигине эскертүү берилип, бир жума ичинде курулушту жандандыруу боюнча талап коюлган.

Текшерүү учурунда  Шопоков шаарындагы  “Шопоков эко сити” объектиси боюнча компаниянын жетекчиси дагы бир ай убакыт сурап, иш жанданаарын убадалады.

Ал эми Кайназарова менен Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Кудайберген” турак жай комплексинин объектисинде 100дөн ашык жумушчу иштеп, бир жума аралыгында бетон кую, 2 кабаттын арматурасын токуу иштери бүтүп, сырткы жасалгалоо иштери жүрүп жаткандыгы аныкталды.

Департамент мындан ары да ишти күчөтүү боюнча тапшырмаларды берип, курулуш объектилери көзөмөлдө болоорун билдирди.