icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Бокс залынын курулушунда туура эмес коюлган кыштар буздурулду

Жалал-Абад мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарындагы бокс залынын курулушун текшерди.

Объект Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп жатат, подряддык уюм "Таир" ЖЧКсы. Текшерүүнүн жүрүшүндө подрядчы кыш коюу иштерин аткарууда курулуш ченемдерин жана талаптарын сактабагандыгы аныкталган.

Натыйжада акт түзүлүп, подряддык уюмга расмий эскертүү берилди. Эреже бузуу менен коюлган кыштар жеринде демонтаждалды.

Ошондой эле, инспекция мындай мыйзам бузуулар кайрадан аныкталса, подряддык уюмга 200 миң сом айып пул салынаарын эскертти.