Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык
чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен ар бир облус, региондогу
курулуш объектилери министрликтин түзүмүндөгү башкармалыктар тарабынан
текшерилүүдө.
Иш чаранын алкагында курулуш объектисинин мыйзамдуулугу, курулуш
ченемдеринин жана талаптарынын сакталышы жана иштин сапаты каралып жатат.
Эгер курулуш объектисиндеги ченемдердин жана талаптардын бузулуусу
аныкталса айып пулдан баштап, лицензияны токтотууга чейинки тиешелүү чаралар
көрүлүп жатат.