Нарын районунун Жер-Көчкү айылында Б.Кыязов атындагы жаңы мектеп курулду. 150 окуучуга ылайыкташкан мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан, спорт зал жана өтмө галереядан турат.
Мектеп жаңы окуу
жылына карата пайдаланууга
берилет. Долбоор айылдагы билим берүү шарттарын жакшыртып, балдардын өнүгүүсүнө
кеңири мүмкүнчүлүк түзөт.