20-августта Курулуш министринин орун басары Бактыяр Станбековдун катышуусунда, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун жана Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун кызмакерлери менен биргеликте жыйын болуп өттү.Жолугушуунун негизги темасы эки мекемеде тең кызмат көрсөтүүнүн автоматташтырылган системаларын ишке киргизүү болду.
Жаңы онлайн платформалар жарандарга, уюмдарга жана сайттары аркылуу арыздарды жана керектүү документтерди барып тапшыруунун зарылдыгы жок ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле талапкерлер электрондук корутундуларды жеке кабинетинен ала алат, бул процессти толугу менен аралыктан жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Кызматтар юридикалык жана жеке жактарга да жеткиликтүү, бул колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет.
Долбоорду ишке
ашыруу Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын санариптик трансформациялоо
боюнча комплекстүү программанын бир бөлүгү жана тейлөөдөгү сапатты башкаруунун
заманбап системасын түзүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат.