icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен: Сапатсыз курулуп жаткан бала бакча аныкталды

Баткен облусунда Курулуш министрлигине караштуу Баткен региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы жана Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен биргеликте мыйзамсыз курулуштарды алдын алуу боюнча рейд жүргүзүлүп жатат.

Рейддин алкагында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кароол участкасындагы 75 орундуу бала бакчанын сапатсыз курулуп жаткандыгы аныкталды. Аталган аймакта кыш кыноо жана бетон куюу эрежелеринин технологиясы бузулган.

Натыйжада, подряддык уюм “Темир Курулуш” ЖЧКсына курулуш объектисинин сейсмикалык туруштуулугун аныктоо үчүн сейсмикалык инстуттун корутундусун алуу жөнүндө эскертүү берилди.

Ошондой эле, Укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн аталган объектинин ишмердүүлүгү боюнча башкармалык тарабынан маалымат жөнөтүлөт.