Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл аймагынын
Курбан-Кара айылындагы 100 орундуу бала бачканын курулушу уланууда.
Объект республикалык бюджеттен каржыланып, курулушу 2024-жылы
башталган.
Долбоорго ылайык, эки кабаттуу имарат, көмүр сактоочу жайы
менен откана, оюн аянтчалары жана заманбап шарттар каралган. Жалпы аянты 936,08
чарчы метрди түзөт.
Бүгүнкү күндө
бала бакчанын пайдубалы тургузулду.