Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин тапшрымасы менен Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан жаңы окуу жылына карата курулуш иштери бүтүп, колдонууга бериле турган билим берүү мекемелери толук текшерүүдөн өтүп жатат.
Белгиленген аймактагы курулуштун сапаты каралып, курулуш талаптарынын жана ченемдеринин сакталышы текшерилип жатат.
Мындан сырткары, 2025-жылдын аягына чейин курулуш иштери бүтө турган социалдык
объектилер күчөтүлгөн режимде көзөмөлгө алынууда.