icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Прогресс айылындагы 150 орундуу мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Өзгөн районунун Прогресс айылындагы 150 орундуу Т.Орозов атындагы жаңы мектептин курулушу аяктады.

Объект республикалык бюджеттен каржыланып келет. Курулуш иштери “Азия Курулуш Компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда.

Долбоорго ылайык, мектеп Г формасында болуп, үч блоктон турат. Жалпы аянты 1279 чарчы метрди түзөт.

Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулушу 100 пайыз бүттү.  Техника жана эмеректер менен 50 пайыз камсыздалып, учурда көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жаңы мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет.