2025-жылдын 21-августунда КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин орун басары Бактыяр Станбековдун жетекчилиги астында “Айыл Банк” ачык акционердик коомунун өкүлдөрү менен жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарада Президенттин Аппаратынын тапшырмасына ылайык ишке ашырылып жаткан ABilling платформасынын негизиндеги, QR-коддорду түзүү мүмкүнчүлүгү бар автоматташтырылган төлөм башкаруу системасы тааныштырылды.
Ошондой эле бул системаны архитектуралык органдардын ишине киргизүү, анын ичинде уруксат берүүчү документтерди берүү, кыймылсыз мүлк объектилерине өзгөртүүлөрдү каттоо жана курулушу аяктаган имараттарды пайдаланууга берүүдө талаптарга шайкештигин баалоо сыяктуу процесстерге ылайыкташтыруу маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында архитектуралык органдардын муктаждыктарына жараша системаны модернизациялоо жана адаптациялоо чечими кабыл алынды.
Күтүлүп
жаткандай, заманбап аралыктан төлөм жүргүзүү куралдарын киргизүү процедураларды
жөнөкөйлөтүп, алардын ачыктыгын жогорулатып, жарандар менен уюмдар үчүн
ыңгайлуу шарттарды камсыз кылат.