icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош шаарында ачыла турган жаңы жолдун эскиздик долбоору

Ош шаарында жаңы жол ачылат – шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн чоң кадам! 


Ош шаардык кеңеши шаардын башкы планынын негизинде, 2023-жылдын 27-декабрындагы №182 токтому менен Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык пландоо долбоорун бекиткен.


Аталган долбоорго ылайык, Б.Нурматов көчөсүн Курманжан-Датка көчөсүнө бириктирүүчү жаңы жол куруу пландалууда. Бул – шаардын транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу багытындагы маанилүү кадам.


Эскиз долбоор Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалган.


 Жолдун узундугу – 180 метр.

 Эки багыттуу, 6 тилкелүү жол заманбап талаптарга ылайык иштелип чыгууда.

 Долбоордо:

* Ирригациялык түйүндөр,

* Жашыл аймактар,

* Жөө адамдар үчүн жолдор,

* Жарыктандыруу системалары камтылган.

 Жаңы жол ачылса:

* Автоунаа тыгыны кыйла азаят,

* Шаардыктар үчүн ыңгайлуулук жаралат,

* Инфраструктуралык өнүгүүгө чоң салым болот.

Бул өзгөрүүлөр – жаңы, ыңгайлуу жана өнүккөн Ош шаары үчүн жасалып жаткан иш-аракеттердин бир бөлүгү.