icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Мыйзамсыз курулуштарды жоюу иштери уланууда

Жалал-Абад облусунун Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулуштарды жоюунун алкагында иштер жүрүп жатат.

Алсак, Базар-Коргон шаарынын Вокзальная көчөсүнүн боюнда жайгашкан, кызыл сызык жана курулуш сызыктарынын чегинен чыгып кеткен дүкөндөр буздурулууда.

Шаар ичиндеги жол тыгындарын жоюу, жөө жүргүнчүлөр үчүн тоскоолдуктарды алып салуу жана шаар куруу тартибин сактоо максатында аткарылууда. Дүкөн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, белгиленген объектилер өз ара макулдашуу менен буздурулуп жатат.

Бул иш-чара шаарды иретке келтирүү жана мыйзамсыз курулуштарды жоюу иштеринин алкагында улантылат.