Тору-Айгыр айыл аймагына караштуу Тору-Айгыр айылында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебинен 3 млн 181 миң сомго кичи-футбол аянты курулган. Ысык-Көл районунун башкы архитектору тарабынан бекитилген долбоордун негизинде Ысык-Көл өнүктүрүү фонду буйрутма берүүчү болгон.
Долбоорго мамлекеттик экспертиза жүргүзүлбөгөндүгү, курулушка уруксат берилбегендиги, объект реестрде жок экендиги жана мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинен өтпөгөндүгү аныкталган.
Текшерүү учурунда, долбоордук чечимдердин бузулгандыгы: материалдар алмаштырылган, фундаменттин тереңдиги азайтылган жана конструкцияда кемчиликтер аныкталган.
Текшерүүнүн
жыйынтыгында тиешелүү жактарга юридикалык баа берүү үчүн керектүу материалдары Укук
коргоо органдарына өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.