Нарын облусунун
Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында А.Турдакунов атындагы 150 орундуу
мектептин курулушу аяктады.
Курулуш иштери
2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Жаңы мектеп эки кабаттуу
окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залынан турат.
Мектеп жаңы окуу
жылына карата пайдаланууга берилет.