icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Балыкчыдагы жолдорду реконструкциялоодо мыйзам бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарындагы Т.Молдо көчөсүн реконструкциялоодо "Чу Прокси" ЖЧКсы тарабынан бекитилген долбоордун бузулушуна жол берилген. Аталган жердеги асфальттын калыңдыгы жука төшөлгөн. Ошондой эле, жумуштар макулдашуусуз жана кайра экспертизадан өткөрүлбөстөн аткарылган.

Пландан сырткаркы текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчыга эскертүү берилип, административдик айып салынган, бирок жаңыланган документтерди берүү талабы аткарылган эмес. Учурда ишти укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда.

Курулушту аяктоо үчүн мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы "4 Энержи" ЖЧКсы менен жаңы келишим түздү.