Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайыңды айылында Б.Календаров атындагы 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп куруулуда. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып келет.
Эки кабаттуу объект А, Б, В жана Г блогунан турат . Жалпы аянты 1966,2м2.
Бугүнкү күндө
курулуш иштеринин 75 пайызы жасалып, ушул жылдын аягында пайдаланууга берүү
пландалууда.