icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Уруксат кагазы жок курулган бетон заводго айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен ар бир облус, региондогу курулуш объектилери министрликтин түзүмүндөгү башкармалыктар тарабынан текшерилүүдө.

Иш-чаранын алкагында Нарын региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Нарын шаарынын “Зайпин” аймагындагы бетон заводдун курулушу текшерилди.

Текшерүүнүн журушүндө, “Нарын курулуш компаниясы” ЖЧКсы тарабанан курулган бетон заводдун курулушунун уруксат кагаздары жок экендиги аныкталды. Башкармалык тарабынан курулуп жаткан обьектилердин реестрине катталбагандыгын жана заводдон чыгарылып жаткан бетондун сапатын тастыктоочу тиешелүү документ-серфикаттары жок экендиги аныкталды.

Жыйынтыгында, акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча  эскертме кагаз берилди. Ошондой эле, протоколдун негизинде “Нарын курулуш компаниясы” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынды