icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек: Чөгүп кеткен жол Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө

Бүгүн, 22-августта Бишкектеги Маданият конушунда автоунаа өтүүчү жол жана тротуар чөгүп кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн.


Аталган аймакта, Курулуш министрилигинин Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы ыкчам  иш алып барып, окуяны жеринде тактоо менен көзөмөлгө алды.


Белгилүү болгондой, бул жерде “Арай” ЖЧКсы канализациялык насостук станциянын курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүп жаткан. Иш учурунда дренаждык суулар канализациялык насостук станциянын чуңкуруна кирип кеткен. Натыйжада чуңкурдун эңкейиштери жуулуп, жолдун бир бөлүгү чөгүп кеткени аныкталды.


Бул окуяга байланыштуу Башкармалык тарабынан “Арай” ЖЧКсына эскертүү берилип, учурда жолду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.


Урматтуу жарандар!

Эгер курулуш объектисинде иштер курулуш ченемдерине жана талаптарына ылайык жүргүзүлбөй жаткандыгы аныкталса Курулуш министрлиги тарабынан тиешелүү чаралар сөзсүз көрүлөт.