icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош шаарынын борбордук стадиону жаңыланууда

Ош шаарынын борбордук стадионун жаңылоо иштери башталды. Бул эл аралык стандарттарга жооп берген, таза жана иретке келтирилген шаардык чөйрөнү түзүүгө карата маанилүү кадам болуп саналат.


Стадиондун кире бериш бөлүгүндө жана каналдын боюнда өз алдынча курулган мыйзамсыз имараттар алынып, алардын ордуна ачык, коопсуз жана эстетикалык жагымдуу мейкиндик түзүлөт. Бул аймак мындан ары шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу болот.


Эскиздик долбоор Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.


Жаңы долбоордун алкагында стадиондун айланасы заманбап шаар куруу талаптарына ылайык көрктөндүрүлүп, стадиондун өзү эл аралык деңгээлдеги футболдук беттештерди өткөрүүгө ылайыкталып оңдолот.


Бул жаңылануу-спортту өнүктүрүүгө, шаардык инфратүзүмдү жакшыртууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.