Курулуш министрлиги тарабынан Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кең-Сай айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, балдар үчүн бардык шарттар каралды.
Жаңы бала бакчанын жалпы аянты 1286 чарчы метрди түзөт. Эки кабатуу бала бакча ушул жылдын 1-сентябрында бөбөктөргө эшигин ачат.