icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Таш-Дөбө айылындагы мектеп алтымыш жылдан кийин жаңыртылды

Курулуш министрлиги тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева мектеби 60 жылдан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Мектеп толук жаңыртылып окуу жылдын башталышы менен пайдаланууга берилет.
Мектеп 1400 орунга ылайыкталып, окуучулар үчүн бардык шарттар каралды. Капиталдык оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 173 миллион сомду түздү.
Белгилей кетсек, мекептин биринчи корпусу 1964-жылы, ал эми экинчи корпусу 1984-жылы курулуп андан бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес.