Совет мезгилинде түптөлгөн, бирок кароосуз калган тарыхый сквер – Курманжан-Датка жана Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эс алуу бурчу – кайрадан шаардыктардын жана коноктордун сүйүктүү жайына айланат!
Эскиздик долбоор Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан даярдалды.
Көп жылдар бою жеке тараптардын колунда болуп, башаламан соода менен тосулуп калган бул кооз аймак эми шаар бийлиги тарабынан иретке келтирилип, толук тазаланып жана заманбап шартта кайрадан жашыл аймакка айландырылууда.
Шаардын башкы планында “Жашыл аймак” деп белгиленген бул сквер азыркы учурда тазаланып, жашоочулардын эс алуусуна ылайыкташып кайра курулат.
Бул жаңылануу –
Ош шаарынын жашыл мурастарын сактап калуу жана келечек муундар үчүн жайлуу шаар
түзүү багытындагы дагы бир чоң кадам.