Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Тоголок алтын кенин жана Жаңгарт аянтын өздөштүрүү үчүн зарыл болгон инфратүзүмдү түзүү иштерин жүргүзүүдө. Учурда Тоголок кени, Жаңгарт аянты менен Үч-Кошкон кыштагын бириктире турган Кайчы дарыясындагы көпүрөнүн курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Тоголок кени, Жаңгарт аянты Какшаал тоо кыркасынын чыгыш капталында деңиз деңгээлинен 3900-4100 метр бийиктикте жайгашкан. Кенге баруучу жол шар аккан тоо дарыяларынан тышкары, бийик аскалар жана бир нече ашуулар аркылуу өтөт. Буга чейин унаалар дарыянын тайыз кечүүлөрүнөн өтүүгө аргасыз болуп, тоскоолдуктарга кабылып келген.
Ал эми узундугу 20 метр 25 см, туурасы 6 метр 30 см болгон жаңы көпүрө жыл бою транспорттук байланышты камсыз кылат. Мындан сырткары, Министрлик Үч-Кошкон айылынан Тоголок кенине чейинки узундугу 37 км болгон технологиялык жолдун долбоорун иштеп чыгып, электр чубалгыларын тартууга жана өндүрүш объекттерин курууга даярдык көрүп жатат.
Белгилей кетсек,
жаңы көпүрөнүн курулушун аяктоо жана пайдаланууга берүү ушул жылдын сентябрь
айынын соңуна пландалууда.