icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Таш-Дөбөдөгү бала бакча 1-сентябрда пайдаланууга берилет

Чүй облусунун Аламүдун районунун Таш-Дөбө айылында 180-240 балага чейин ылайыкталган бала бакчанын реконструкция жана капиталдык оңдоо иштери аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат.

Долбоорго ылайык, 2 кабаттуу имаратта балдар үчүн бардык шарттар каралган. Заманбап талаптарга толук жооп берген бала бакчанын реконструкция иштери 2024-жылы октябрь айында башталган. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Жалпы аянты 1760,7 чарчы метр.

Белгилей кетсек, бала бакча 1964-жылы курулуп, биринчи жолу ири реконструкциядан өттү.