icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Учар айылындагы жаңы спорт комплекси 1-сентябрда ачылат

Ош шаарынын Учар айылындагы жаңы спорт комплексинин курулуш иштери аяктап, 1-сентябрда пайдаланууга берүү алдында турат.

Комплексте FIFA стандартына ылайык келген футбол талаасы, 195 орундуу кичи футбол аянтчасы жана көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу орундуктар каралган.

Мындан сырткары, санитардык түйүндөр, кийинүүчү бөлмөлөр, машыктыруучулардын бөлмөсү жана жыйындар залы бар.

Курулуштун тендердик баасы 48млн сомду түздү.