icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл: Кичи-Жаргылчактагы жаңы 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылындагы 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 74 млн сомду түздү.

Жаңы бала бакча эки кабаттан туруп, жалпы аянты 873 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, тайпалык окуу класстары, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кабылдама, ошондой эле көрктөндүрүлгөн оюн аянтчасы каралган. 

Айылдын бөбөктөрү үчүн 31-август майрамга карата пайдаланууга берилет.