Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан “Шах-Фазиль” атындагы тарыхый-маданий музейдин курулуш иштери аяктады. Заманбап архитектуралык талаптарга ылайык салынган музейде экскурсия үчүн атайын бөлмө жана жер төлөсүндө реставрация кабинети каралган.
Жалпы аянты 1291 чарчы метр жаңы имараттын курулушу 2023-жылы башталып, тендердик баасы 26 миллион сомду түздү.
Музейде XV кылымдан тарта бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген баалуу тарыхый экспонаттар жайгаштырылмакчы. Бул долбоор улуттук тарыхый мурастарды сактап калууда жана маданий өнүгүүнү колдоодо чоң мааниге ээ.