icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш министрлиги КРСУ менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

2025-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде министрдин орун басары Бактыяр Станбеков Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору Сергей Юрьевич Волков менен жолукту. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарап КРСУнун жаңы кампусунун курулушунун жол картасын жана эскиздик долбоорлорун карап чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин, ошондой эле социалдык демилгелерди ишке ашырууда кызматташуунун келечегин талкуулашты. 

Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана өлкөнүн социалдык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду өнүктүрүү үчүн өнөктөштүктүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап мындан аркы конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.