icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Министрдин тапшырмасы менен Бишкектеги турак үйдүн маселеси чечилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 10-июлда Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү 145 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары менен жолуккан.

Жолугушууда турак үйдүн 2018-жылы “Премьер Констракшн” курулуш компаниясы тарабынан курулуп бүтүп, бирок расмий пайдаланууга берүү үчүн талап кылынган документтер толук таризделбегендиги аныкталган. Мындан улам жашоочулар мүлктү өз атына каттай албай, документ иштеринде кыйынчылыктар жаралып келген.

Министр бул маселени чечүү максатында тиешелүү мекемелерге тапшырма берип, уруксат берүүчү документтерди тез арада тариздөө тапшырмасын койгон. 

Бүгүн, 26-августта Министрдин тапшырмасы менен аталган турак үйдүн жашоочулары тиешелүү документтерин алды.