Талас облусунун Талас районуна караштуу Ак-Сай айылында биринчи жолу заманбап Б. Жанузаков атындагы мектептин имараты курулду. Курулуш иштери 2015-жылы башталып, бирок кийин токтоп калган. Бүгүнкү күндө бардык курулуш нормалары сакталып объект толук бүткөрүлдү.
Жалпы аянты 1361 чарчы метрди түзгөн жаңы билим уя 192 окуучу орунга ылайыкталып, окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат.
Буга чейин айылдын окуучулары маданият үйүндө билим алып келишсе, жаңы окуу жылынын башталышы менен заманбап мектепке барышат.