Нарын районунун Жер-Көчкү айылында Б. Кыязов атындагы жаңы мектептин курулушу бүткөрүлдү. Мектеп 2022-жылы салынып баштап, республикалык бюджеттен каржыланды.
Жалпы аянты 1351 чарчы метрди түзгөн билим уя 150 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпусунан, спорт зал жана өтмө галереядан турат. Жаңы мектеп окуу жылдын башталышы менен окуучуларга эшигин ачат.
Белгилей кетсек, Жер-Көчкү айылы деңиз деңгээлинен 2900 метр бийиктикте жайгашкан.