icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Кара-Суу айылдын окуучулары жаңы мектепке барат

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында Ш.Рысмендиев атындагы жаңы мектеп салынды. Курулуш иштери 2022-жылы башталып республикалык бюджеттен каржыланган. Тендердик баасы 119,6 миллион сомду түздү.

Долбоор боюнча 375 орунга ылайыкталган мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галерея жана спорт залынан турат. 1-сентябрда окуучулар жаңы мектепке барышат.