icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Кара-Кулжада жаңы Калкты тейлөө борбору курулуп жатат

Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында үч кабаттуу Калкты тейлөө борборунун курулушу жүрүп жатат. 

Учурда жер төлөнүн темир-бетон дубалдарынын курулушу аяктап, биринчи кабаттын колонналарына бетон куюлууда. 

Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, долбоордун жалпы наркы 150 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери Ош облустук архитектура башкармалыгынын долбоору боюнча аткарылууда, подряддык уюм "Чин-Алин" ЖЧКсы. 

Объектини пайдаланууга берүү 2025-жылдын декабрь айына пландаштырылган.